Мурдагы депутат Токтогул Туманов коронавирустан каза болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтогул Туманов пневмониядан каза болду. Мындай маалыматты Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынан тастыкташты.

55 жаштагы Туманов оор абалда ооруканага түшкөн. Ага чейин үйүндө өз алдынча дарыланган.

Токтогул Туманов Жогорку Кеңештин V чакырылышына КСДП партиясынан депутат болгон.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан 1512 адам каза болду.

error: Content is protected !!