27 жаштагы Айзаданы уурдоого жана өлтүрүүгө шектелген Замирбек Тенизбаев Россияда каракчылык үчүн соттолуп, 6,5 жыл түрмөдө олтурган. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын башчысы Улан Айтбаев 8-апрелде Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.
«Замирбектин бир тууганын айтымында, ал үй-бүлөлүү, жубайы Кыргызстандын жараны эмес. Анын эки баласы бар. Бул сөздөрдүн, бардыгы текшерилет. Эл аралык деңгээлде тактоо иштери жүргүзүлөт », – деди ал.
Милициянын маалыматы боюнча, Замирбек Орусиядан Кыргызстанга 2017-жылы кайтып келген. 2017-жылдан бери таксист болуп иштеп, алгач батирде, акыркы 2-3 айда унаада жашап жүргөн, деди Айтбаев.