Москвадагы көрүстөндөн табылган кыргыз жараны. Анын өлүмүнүн чоо-жайы белгилүү болду

Москва шаарында беш жылдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан адамдын сөөгү көмүлгөн жер аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын февраль айынын аягында ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын материалы жөнөтүлгөн. Анда Баткен облусунун тургуну Х.Т. (аял киши) 2015-жылдан бери байланышка чыкпай, дайынсыз жоголгон 1971-жылы туулган Х.Р. аттуу уулун издөөгө көмөк көрсөтүү боюнча кайрылган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө Х.Р. 2013-жылы Москвага эмгектенүү үчүн кетип, 2015-жылы жакындары менен акыркы жолу байланышканы белгилүү болгон. Х.Р. Москва шаарынын Коньково районунда убактылуу жашачу.

«Бул жаран жоголгон күндөн баштап жакын туугандарынын өз алдынча издөө иштери натыйжа берген эмес.

ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгүнө кайрылышкан соң, Россия Федерациясынын аймагында издөө иштерин уюштуруу тууралуу чечим кабыл алынып, дайынсыз жоголгон жаран Х.Р.нын жүргөн жерин аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн.

ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгүнүн жардамы менен ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон Х.Р. 2008-жылы Россия Федерациясынын жарандыгын алгандыгы аныкталган.

Дайынсыз жоголду делген Х.Р. 2015-жылы 8-мартта Москва шаарындагы В.В.Виноградов атындагы клиникалык ооруканага тез жардам кызматы аркылуу түшүп, ошол эле жылдын 19-мартында эки тараптуу пневмония оорусу менен ооруп, каза болгондугу белгилүү болду.

Ал эми Х.Р.нын жакын туугандары өлгөндүгү тууралуу медициналык күбөлөндүрмө үчүн кайрылбагандыктан, 2015-жылы 6-апрель күнү Москва шаарынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо башкармалыгынын Гагарин районундагы бөлүмү маркум Х.Р.нын өлгөндүгү тууралуу күбөлөндүрмөсүн даярдап, 11-апрель күнү мамлекеттин эсебинен сөөгү жерге берилген», – деп айтылат маалыматта.

error: Content is protected !!