Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери 22,3 млн. сомдук декларацияланбаган товарларды кармашты

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкерлери “К.” ЖЧКнын дарагине келген жалпы салмагы 136134 кг., болгон “бут кийимдер, килемдер жана килем буюмдарынын түрлөрү” контрабандалык жол менен келгендигин аныкташты.

Жалпы декларацияланбаган товардын баасы 22 229 455,50 сомду түзөт, алдын ала төлөнө турган бажы төлөмүнүн суммасы 9 476 462,44 сомду түзөт.

Бул факты КР ККнын 223 беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча КРӨгө караштуу ЭККККнын ТБга өткөрүлүп берилди

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика