Мамадали ДҮЙШЕЕВ: “КЫРГЫЗ АТА СОПСОНУН!”

Республикалык “Ордо” гезитининин 11-сентябрдагы номуруна белгилүү илимпоз, таанымал табият таануучу Жамшитбек КАРАБАЕВ менен “КЫРГЫЗ АТА МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК ЖАРАТЫЛЫШ КОРУГУ КОРКУНУЧТА!” аттуу маегибиз жарыяланган эле. Ушундай көп өтпөй эле бул парктын директору Мамадали ДҮЙШЕЕВ редакциябыздын босогосун өзү аттап, а түгүл бизге аталган парктын ажайып жерлерин кыдырата көрсөтүп, буга улай өз чындыгын дагы төмөнкүчө ачыктады.

  • Мамадали мырза, биздин материалыбызга мынча неге териктиңиз, ыя?
  • Биринчиден,мыйзамдуу аталышы Кыргыз Ата

мамлекеттик улуттук жаратылыш коругу эмес! Кыргыз Ата мамлекеттик жаратылыш паркы. Алигүнчө бул парк Улуттук деген макамга ээ боло элек. Эгерде ошондой кылышса, аброюбуз азыркыдан беш бетер жогоруламак. Буга улай ата мекендик жана чет өлкөлүк туристтердин паркыбызга үзгүлтүксүз каттоосуна абдан чоң мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Экинчиден, казынабызга дагы дурусураак каражаттар түшмөк. Биз буга жаратылыш паркынын кызматкерлеринин жумуш шартын жакшыртууга жана аймактын заман талабына ылайык экологиясын өйдөлөтүүгө дагы мыкты өбөлгө  жаралмак.

  • Дагычы?
  • Кыргыз Ата мамлекеттик жаратылыш паркын башынан

аягына дейре бир сыйра текши кыдырып көрбөдүңүздөрбү. Илимпоз-эколог Жамшитбек Карабаев кокуйлаган коркунучутардын баардыгы тең дээрлик артта калды. Мына, паркыбыздын негизги бөлүгүн арча аянттары ээлейт. Ошондуктан, моминтип дагы беш миң түп арча көчөттүрүн олтургуздук.

  • Мынча көчөттүдеги эмне кыласыздар?
  • Биринчиден,өзүбүздөгү эле бош жаткан аянттарга эгебиз.

Экинчиден, бала-бакчаларга, мектептерге, жогорку жана орто окуу жайларына, ошондой эле мекеме-ишканаларга сатабыз. Буга улай көп жылдык бул арча токоюнун кыйылышына  Кыргыз Ата мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында мораторий дагы жарыяладык.

  • Баса, Кыргыз Ата мамлекеттик жаратылыш паркынын

ичине неге моминтип тегерете боз үйлөрдү дагы тигип алгансыздар?

  • Алишер, айланайын! Бул “Ынтымак” деп аталган эс

алуу жайы, анда кыдырыта тигилген боз үйлөр бизге караштуу эмес!

Айрым ээнбаштар жаратылышыбыздын кооздугуна ушинтип кыянатчылык кылышып, а түгүл сонун табиятыбызды каалагандай талкалашып, дал ушул боз үйлөрдө кадимкидей эле конок күтүшүп, чоң пайдага туйтунууну   катуу максатташкан. Биз булардын андай арам ойлорун акыры таш каптырдык. Тилекке каршы, бул көркоолор менен соттошуубуз Чубактын кунундай эле чубалып, чуусу дагыле бүтчүдөй эмес!

  • Моминтип Кыргыз Ата мамлекеттик жаратылыш

паркынын дал кире беришине – босогосуна атайын киргизме бекет дагы орнотуп алыпсыздар. Эмне максатта?

  • Кыргыз Ата мамлекеттик жаратылыш паркынын бул

киргизме бекетинен түшкөн каражаттарды негизинен жаңы көчөттөрдү сатып алганга жумшап келатабыз. Анан моминтип Кыргыз Ата мамлекеттик жаратылыш паркынын заманбап имаратын дагы курдурдук. Бул жерде күнү-түнү иштегенге кызматкерлерибизге заманбап шарттарды түзүп бердик.

Бирок, элчилеп шылуундук кылып маянабызды көбөйтпөдүк. Чындыгын айтайынбы?  Кыргыз Ата мамлекеттик жаратылыш паркынын бардык кызматкерлери патриоттуулук кылышып арзыбаган айлыкка гана чыдап-түтүп иштеп келатышат. Тескерисинче,  казынага түшкөн акчалардан Кыргыз Ата мамлекеттик жаратылыш паркынын Ботаникалык Багын туруктуу кармаганга дагы сарптап жатабыз.

  • Мамадали  мырза, карасаңыз, Кыргыз Ата мамлекеттик

жаратылыш паркы тарыхый жайларга дагы абдан бай турбайбы?

         – Ооба. Абдан туура баамдапсыңар.  Кыргыз Ата мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында көптөгөн тарыхый-маданий эстеликтер дагыле бар. Маселен, эң байыркы шаарчанын жана бир катар күмбөздөрдүн калдыктары өңдөнгөн тарыхый баалуулуктар бизде толтура. А түгүл биздин паркыбыздан керамика, курал-жарактар, эмгек шаймандары дагы табылып олтурат. Абдан кооздолгон буюм-тейимдер, күнүмдүк турмуш-тиричиликте урунган түрдүү заттар дагы чекеден чыгып атат.

Ошентип, ушул тапта Кыргыз Ата мамлекеттик

жаратылыш паркын азыркыдан дагы сопсонун жана эң ажайып жайга айландырууга биздин аракетибиз абдан күч! Буюрса, бара-бара бүгүнкү далалатыбыздын акыбети чындап эле толук кайтаарынан менин кымындай дагы шегим жок!

 Мамадали ДҮЙШЕЕВ: “КЫРГЫЗ АТА СОПСОНУН!”  Мамадали ДҮЙШЕЕВ: “КЫРГЫЗ АТА СОПСОНУН!”  Мамадали ДҮЙШЕЕВ: “КЫРГЫЗ АТА СОПСОНУН!”  Мамадали ДҮЙШЕЕВ: “КЫРГЫЗ АТА СОПСОНУН!”

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз