14 C
Bishkek
25.02.2020
Кырсык

Майлуу-Сууда 22 жаштагы аскер асынып алды

27-ноябрдын таңында, саат 8:00 чамасында Майлуу-Суу шаарындагы №12544 аскер бөлүгүндө аскердик кызматын өтөп жаткан жоокер (А. у. Т.) асынган абалда табылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева билдирди.

Анын айтымында, жоокердин сөөгү аскердик бөлүктөгү автопарктан табылган.

– Учурда окуянын жагдайлары тергелип жатат. Бул факт боюнча Куралдуу күчтөрдүн кургактагы аскерлеринин командачылыгы кызматтык иликтөө баштады. Жалал-Абад гарнизондук аскердик прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүш чарасы жүргүзүлүп жатат, – деди Жарашева.

Башкы штаб билдиргендей, өз өмүрүнө кол салган жоокер үйүндө он күндүк өргүүдө болуп, 26-ноябрда кайтып келген. Ал аталган аскер бөлүгүндө соңку айда мыкты аскердик кызмат өтөөчү катары аныкталганы кабарланды.

4-5-ноябрь күндөрү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан эки жоокер каза болгон. Расмий маалымат боюнча алардын жүрөгү кармап калган. 10-ноябрда болсо Чүйдүн Кой-Таш айылындагы № 73809 аскердик бөлүктө кызмат кылган офицер асынып алган. (ErN)

Окшош жаңылыктар

Күтүүсүз кырсык бир үй-бүлөнү күйүткө салды

Adminring

Төкмө акын Акжолтой Канат уулу автокырсыктан каза болду

Adminring

Сүлүктүдө шахтада ууланып төрт киши каза болду

Adminring
Яндекс.Метрика