Мадрид шаарынын борборунда катуу жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
#BREAKING: Large explosion reported in downtown Madrid, Spain. pic.twitter.com/g73tDAMM0P
— UA News (@UrgentAlertNews) January 20, 2021
Кадрлардан көрүнүп тургандай, талкаланган көп кабаттуу имараттан түтүн чыгып жатат. Айнектин сыныктары туш-тарапка чачырап кеткен.
Жергиликтүү ЖМКлар жарылуу карылар үйүнө жакын жерде болгонун жазууда. Бирок жабырлануучулар боюнча маалымат бериле элек.