Лукашенко Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Беларусия президенти Александр Лукашенко Садыр Жапаровду Кыргызстандагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынан кабарлашты.

Лукашенко Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирген.

«Бул жогорку мамлекеттик кызматтагы сиздин ишмердүүлүгүңүз коомчулуктагы биримдик менен ынтымакты бекемдөөгө, эгемен Кыргызстандын социалдык туруктуулугу менен экономикасынын ыкчам өсүшүнө өбөлгө болот деп ишенем», — деп айтылат маалыматта.

error: Content is protected !!