«КЫЗЫЛ ПАПКА» АЧЫЛУУДА…

2010-жылдагы кандуу окуялардан кийин «Майдан.kg» гезити КРнын бийлигин Австриядан чыккан эл аралык алдамчылар биздин шылуун ишкерлер менен биргеликте алтын-валюталык запасты чыгарып кеткен наадандыгы жагынан бир тууган Толстуновдорду алдына салдырбаган алдамчылык ишти даярдап жатышкандыгы жөнүндө жазып, коомчулукка эскертүү кылган.

«Майдан.kg» гезитинин журналисти Автандил Белеков кыргыз ишкерлери чет элдик инвесторлор менен биргеликте алдамчылык иштер менен шугулдануу үчүн Кыргыз Республикасында «Транс Азия Экспресс» аталышындагы мекеме ачышкандыгын жазып чыккан. Ал чет элдик инвесторлор деп аталгандардын артында биздин мурдагы жердештерибиз – бир тууган Толстуновдор тургандыгын жазган. Бир тууган Толстуновдор бийлик өз элин кадырлаган мамлекет болгонунда аныкталган бир убакытты күтө туруу зарылдыгын түшүнүшмөк чыгар, анткени, 2003-жылы “Кыргыз Эйр” авиакомпаниясын түзүү менен байланышкан алдамчылык иштер жөнүндө кептер дагы эле тынчый элек болчу. Ал эми бир туугандар тарабынан Австрияга алтын-валюта корун чыгарып кетүү жана Венада Аскар Акаевдин кичүү кызынын компаниясында Ош базарында картошка саткандай туш келди соодалаганы эл аралык алдамчылыктын классикасына айланды. Өлкөдө дагы эле “кылым аферисттери” жөнүндө сөздөр дагы эле басыла элек.

«Майдан.kg» гезити:

– Бир тууган Толстуновдор алдамчылык кылуу үчүн руханий санды колдонуучу инвесторлорбу, попторбу же алдамчыларбы? – деген собол салган.

Буга али күнчө түкшүмөлдүктү жараткан, бирок, ачык көрүнүп турган бир гана жооп бар:

– Ооба, бир туугандардын бирөөсү Австрияда чиркөө кызматчысы – поп болуп алган. Ал кылмыш дүйнөсүнүн авторитети болбогон, мурдагы СССРден чыккандардын бири эле, ошентсе дагы, анын жоругу жолдо калган “жогорку класстагы” аферист болгондугун айтышат, ошондуктан, ал поп болуп иштегенге киришкен, ал эми бул агасы экөөнүн күнөөлөрүн жууганга мүмкүнчүлүк түзгөн. Ырас эле, ыңгайлуу эмеспи?

Толстуновдорго биз кийинчерээк кеңири токтолобуз, ал эми азыр «Майдан.kg» гезити жана «Саясат.KG» маалыматтык-аналитикалык порталы ХХ кылымдын 80-жылдарынын соңунда бир тууган Толстуновдордун КПССтин активдүү мүчөлөрү болушкандыгын, комсомолдук жана коммунисттик уюмдарда активдүү ишмердүүлүк жүргүзүшкөндүгүн жазгандыгын белгилей кетсек. СССРдин кулашы менен, куйкум тилдүүлөр азилге салып жүрүшкөндөй, алар эртеси эртең менен өздөрүн демократ деп жарыялашып, Акаевдин жанына жакындап барышкан. Ал тургай алардын бирөө Василий Толстунов ошол кездеги финансы министри – Аскар Акаевдин ишенимдүү кадры жана “капчыгы” Кемелбек Нанаевдин кызына үйлөнгөн. Эми кеп ал жөнүндө болбойт.

Ошондой эле, кеп бир тууган Толстуновдордун «Транс Азия Экспресске» байланышкан алдамчылыктары жөнүндө дагы эмес, ал тургай 2003-жылы «Кыргыз Эйр» авиакомпаниясын түзүүдөгү алдамчылыктары жөнүндө дагы эмес. Австриядан чыккан, мурдагы кыргызстандык бир туугандар Толстуновдордун бул алдамчылыктары жөнүндө биз өз макалаларыбызда кийинчерээк кеңири токтолобуз. Ал эми азырынча окурмандарга мындан мурда жазгандарыбыз туурасында эске салалы.

2020-жылдын 15-декабрындагы «Жыргалчылыктарды убада кылган Нанаевдин күйөө баласына ишенбегиле…» аталышындагы макалада биз 1993-жылдын 13-октябрында мурдагы мекендешибиз Сергей Толстуновдун жана А.Барский дегендин Австриянын Вена шаарында жайгашкан, Наглергассе 1-2-13 ANDRE & CIE S.A. Швейцариялык компаниясынан австриялык күмөндүү фирмасынын дарегине КРнын Жалал-Абад шаарына 13 млн.718 миң. 020 АКШ доллары суммасына балдардын тамак-ашын өндүрүү боюнча жабдууларды алып келүү жөнүндө сунуш түшкөндүгү тууралуу жазганбыз.

Анан эле 1993-жылдын 5-ноябрында Жалал-Абад шаарында «Жибек жолу» АК түзүлөт дагы, ал фирманын деректирлигине Темирбаев К. дайындалат.

Баарыбыз көрүп тургандай, ANDRE & CIE S.A. компаниясы Сергей Толстуновго жана ошол кезде али ачыла элек «Жибек жолу» АКна сунуш жөнөткөн. 1993-жылдын 10-декабрында «Жибек жолу» АК менен ANDRE & CIE S.A. ортосунда, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда 13 718 000 АКШ доллары суммасындагы акча каражатына балдардын тамак-ашын өндүрүү боюнча комплектик жабдуу алып келүү келишимине кол коюлган. Кыргызстанда ошол убакта эле «кылым аферисттери» деп аталган шылуундардын арааны ачылып, 1993-жылдын 10-декабрында «Жибек жолу» АК менен ANDRE & CIE S.A. швейцариялык компаниясынын, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда минералдык сууну куюучу автоматтык линияны алып келүү боюнча 4 млн. 910 миң. 521 АКШ доллары суммасындагы жаңы келишимге кол коюлган.

Биз ошондой эле, 1993-жылдын 30-августунда – «Жибек Жолу» АК менен келишим түзүлгөнгө чейин эле жана 1994-жылдын 2-февралында кагаздарга кол коюлгандан кийин ANDRE & CIE S.A. компаниясы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы келишимдерди камсыз кылуу үчүн К. Нанаевдин колу менен эки жолу күрөө коюлгандыгын жана австриялык алдамчыларга бейкапар өткөрүлүп берилгендигин жазганбыз.

Окурмандарга эскерте кетсек, Нанаевдин, КРнын Улуттук банкынын төрагасынын мындай кылууга эч кандай укуктары жок болсо дагы, Кыргызстандын алтын-валюталык корунан 1 402, 811 кг алтын жана 6 000 000 АКШ доллары көлөмүндө күрөө чыгарып беришкен. Кылмыш иштери козголгон, бирок, фигуранттар КРнын аймагынан тышкары болгондуктан, алар токтотулган. Анткени менен, Венада Кыргызстандын алтынын соодалап турган Акаевдин кызы Бишкекте болгон. Өлкөдө Кемелбек Нанаев байлыкка марып, жашап турган. Жогоруда көрсөтүлгөн келишимдердин алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан КРнын Экономика жана финансы министринин орун басары КР Уразбаев К. ANDRE & CIE S.A. компаниясына «Жибек жолу» АКнын келишимдер боюнча төлөмдөрүн өз убагында төлөнүп турушуна кепилдик берген кепилдик келишимине кол коюп берген.

1994-жылдын 19-октябрында ANDRE & CIE S.A. компаниясынан балдар тамагын өндүрүүгө жабдуу алып келүү боюнча келишимге ылайык, «Жибек жолу» АКна 14 млн. 236 миң 711 87 АКШ доллары суммасындагы төлөмдөр (айыптары менен) жөнөтүлөт.

Алдамчылык ишке баргандыгы жана коррупциялык иши үчүн Уразбаев канча акча алгандыгын биз билбейбиз. Билүүнү деле каалаган жокпуз. Бирок, анын алдын ала

сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан Кыргызстан элине каракчылык кылууга наадандык менен катышкандыгы алаканга салгандай көрүнүп турган иш. Австриялыктар биздин мурдагы жарандарыбыздын бетин жамынып, эл аралык деңгээлдеги алдамчылык иштерин жасашты. Бул иш боюнча бир нече кылмыш иштери козголгон, бирок, коррупцияга айыпталган шылуундарды алдамчылык жана коррупцияга айыпталган негизги фигуранттардын Австрияга жашынып кетишкендигинен улам камакка алуу мүмкүн болгон эмес.

Азыркы учурда Австриядагы Толстуновдор Кыргызстанда алардын ити чөп жеп, бизнестери ийгиликтүү жүрүп жаткандыгын айтып, төш кагышат имиш. Бул бизнестен түшкөн кирешелерин алар ар кандай долбоорлорго жумшаганга жана пайда тапканга мүмкүнчүлүктөрү бар. Алардын акчаны кантип таап жатышкандыгы жана Кыргыз Республикасынын аймагында инвест-долбоорлорго кантип катышкандыгы дагы кеңири айтылчу кеп. Андыктан, Кыргыз Республикасынын аймагында бир тууган Толстуновдордун кылмыш-жазага кириптер кылуучу мына ушул инвестициялары жөнүндө келерки жолу кеңири узун сабак сөз кылабыз.

Алдыдагы макалаларыбызда биз бир тууган Толстуновдордун «Транс Азия Экспресс» деп аталган ишканасын түзүү менен кандай алдамчылыктарга барышкандыгына токтолобуз. Ошондой эле, бир тууган Толстуновдордун «Кыргыз Эйр» авиакомпаниясын түзүүдөгү алдамчылыктары жөнүндө дагы баяндап беребиз.

Биз КРнын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин коррупция боюнча эски иштердин, асыресе, эл аралык аферисттер тарабынан Австрияга КРнын алтындарынын чыгарылып кетиши боюнча кылмыш ишинин жандана тургандыгы боюнча билдирүүсүнө ишенебиз. Себеби, коррупция менен күрөшкө мезгилдик дагы, аймактык дагы чектөөлөр болбойт.

Эске салсак, Ташиев:

“…УКМКнын антикоррупциялык кызматы 1993-жылдан 2002-жылга чейин КРнын жогорку мамлекеттик органдарынын кызматтык адамдары чет элдик банктардын өкүлчүлүктөрү менен тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, насыя каражаттарын алуу жана аларды сыртка чыгаруу боюнча жемкорлук схемаларын уюштурушкан” – деп жарыялады.

Кандай дебейли, бул жерде кеп биринчи кезекте КРнын алтын-валюталык корунун чет мамлекетке чыгарылып кетиши жана КРнын кредиттик-валюталык корун чет мамлекетке чыгарып кетүү максатында түзүлгөн коррупциялык схемалар жөнүндө айтылды.

Ырысбек ОМУРЗАКОВ

PS: Өлкөнүн башкы чекистинин ачуу билдирүүсү шайлоо алдындагы текейге айтылган жөн гана үгүт сөз бойдон калбайт деп үмүт кылабыз. Кыргызстан элине алтынды кайтаруу жана “Кумтөр” кенинен алтынды алуу шарттарын кайрадан карап чыгуу талаптарынан улам Садыр Жапаров катуу жабыр тартты. СИЗОдо аны жок кылууну дагы каалашкан. Бирок, кийин “муну өмүр бою эсинде сактап жүрүшү үчүн коркутуп коюу” буйругу келген. Ошондо анын мойнун кескилешкен. Эгерде Садыр Жапаровдон журналисттик

иликтөө жүргүзүүгө уруксат берилсе, биз айрым маалыматтарды ачыктап, Атамбаев-Жээнбаевдик баш кесерлер менен биргеликте мурдагы бийлик тарабынан жүргүзүлгөн биргелешкен кылмыш ишин баяндап бермекчибиз.

error: Content is protected !!