14 C
Bishkek
25.02.2020
Дүйнөлүк жаңылыктар

Кытайда бир түндө 14 миң кишиге коронавирус жукту. Бийлик себебин түшүндүрдү

 Кытайда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, 64 миңге жетти. Анын ичинен 1380 адам көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик органдарына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Мындан улам Хубэй провинциясынын жетекчилиги эмне себептен оорулуулардын саны кескин өсүп кеткенин түшүндүрүп, буга дартты аныктоо боюнча жаңы ыкманын колдонулушу себеп болгонун айтты. Айта кетсек, 13-февралда бир түн ичинде 14 миң 840 киши вирус жуктурганы белгилүү болду.Акыркы маалыматтарга караганда, COVID-2019 вирусун жуктургандардын саны — 64 миң. Анын ичинен 6723 киши сакайып, 1380 киши көз жумду.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыяланган.

 

Окшош жаңылыктар

Фахреттин Алтундун ПКК тууралуу билдирүүсү

Adminring

Вена – дүйнөдөгү эң ыңгайлуу шаар

Adminring

Москвадагы Ливия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурады

Adminring
Яндекс.Метрика