Кыргызстандын жасалма паспортторун даярдаган кылмыштуу топ кармалды.

 УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Манас-Аэропорт» көзөмөл-өткөрмө пунктунан чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган коңшу өлкөнүн 1990-жылы туулган Ю.М. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, кармалган жаран Кодиров Ислам жеген жаранга таандык паспорт менен Стамбул шаарына учууга аракет кылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган паспорттогу серия Ош облусунун 2002-жылы туулган жаранга таандык экени аныкталды.

Андан тышкары аны менен бирге «Манас» аэропортунун күтүү залында аталган кылмыш топтун уюштуруучусу — 1967-жылы туулган А.С. аттуу кыргызстандык жаран кармалды. Анын жанында 1987-жылы туулган Насыров Пайзуллонун наамына даярдалган дагы бир жасалма паспорт табылды.

Кармалган А.С. аттуу жарандын чет элдик жарандарга Кыргызстандын жасалма паспортторун даярдоо жана сатып өткөрүү боюнча туруктуу канал уюштуруп, чет өлкөлөргө жиберип тургандыгы аныкталды.

Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 1987-жылы туулган Сухроб Рустамовдун наамына даярдалган Кыргызстандын жасалма паспорту табылып, алынды. Даярдалып жасалмаланган документтер эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүн согуштук аймакка катышууга жиберип туруу максатында колдонулган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Булак: “АКИpress”
error: Content is protected !!