Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
-1 C
Bishkek
14.12.2019
Экономика

«Кыргызмунайгаз» 60 жылдан кийин жаңы кен аймагын ачууда

«Кыргызмунайгаз» 60 жылдан кийин жаңы кен аймагын ачууда

Кочкор-Ата шаарында жайгашкан «Кыргызмунайгаз» ишканасы учурда жаңы Исбаскент-Алаш мунай кенин ачуу алдында турат. Аталган ишкананын басма сөз кызматынан «Азаттыкка» билдиргендей, аймактагы «Алаш №1» кудугун бургулоо иштери бүтүп, мунай алынып жатат.

«​Экинчи 2700 метрден ашык тереңдиктеги кудукта бургулоо иштери жыйынтыкталып, үчүнчүсүн баштоо аракеттери жүрүп жатат. Эгерде изилденген үч кудуктан тең мунай кени чыкса, жаңы кен аймагы ачылат. Бул «Кыргызмунайгаз» ишканасынын тарыхында 60 жылдан кийин ачылган жаңы кен аймагы болуп калат»​ – деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык 1940-жылы Майлуу-Суу-4, 1944-жылы Избаскент, 1946-жылы Восточный Избаскент кендери ачылган. Ал эми 1952-жылы өлкөдө «Кыргызнефть» өндүрүштүк мекемеси түзүлгөн. «Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому Кыргызстандын Кочкор-Ата, Майлы-Суу жана Ноокен аймактарында чалгындалган 11,3 млн. тонна мунай жана 4,7 млрд. метр куб газ запасына ээ. Жалпысынан анын карамагында Жалал-Абад облусундагы 35 майда мунай жана газ кендери бар.

Расмий маалыматка караганда аталган ишкана быйыл 9 ай ичинде 97 миң тонна мунай өндүргөн. Жыл аягына чейин аны 140 миң тоннага жеткирүү пландалууда. Ал жерде 2 миңге чукул киши иштейт. (RsK)

Окшош жаңылыктар

Өкмөт башчы Өзбекстанга кетти

Adminring

Кадамжай РИИБдин кызматкерлери бир катар уурулук жасашкан эки жигитти колго түшүрдү

Adminring

Президент маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугат

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика