Кыргыз жарандары айрым өлкөлөргө өздүгүн тастыктаган документтерсиз уча алышат. Шарттары

Кыргыз өлкөсүнүн жарандары эми түз жана чартердик каттамдар менен өздүгүн тастыктаган документтерсиз башка мамлекеттерге уча алышат. “Манас” эл аралык аэропорту ЕАЭСтин “COVID-19суз саякаттайм” долбооруна кошулгандыгын кабарлайт.
Буга чейин пандемияга байланыштуу Орусия жана башка Евразия экономикалык союзуна мүчө өлкөлөргө кирүү боюнча коюлган талаптар жоюлуп, атайын тиркемени жүктөө аркылуу жеңилдиктер киргизилди. Евразия өнүгүү банкы тарабынан даярдалган “COVID-19суз саякаттайм” тиркемеси программага кирген ПЦР-тестин тапшыруу лабораторияларын аныктоого жана тесттин жыйынтыгын QR-код түрүндө уюлдук телефонуңузга дароо кабыл алууга өбөлгө түзөт. Анализде ковиддин жоктугу аныкталса, анда бул тиркемени колдонгон өлкөлөр Орусия, Беларусь жана Арменияга тоскоолдуксуз кирип, тескөөчү жайларга жөн гана тиркемедеги кодду көрсөтүү жетиштүү.
“COVID-19суз саякаттайм ” тиркемесин колдонуу ыкмасы:
* Алгач уюлдук телефонуңузга AppStore же GooglePlay’ден “COVID-19суз саякаттайм” тиркемесин жүктөйсүз;
* Өлкөнү тандайсыз;
* Программага кирген лабораториялардын бирине жазылып (азырынча Бишкек жана Ошто 2 лаборатория катталган) ага паспортуңуз менен барасыз;
* Лаборатория сунуш кылган макулдашууга кол коюп, андагы QR-кодду уюлдук тиркеме аркылуу сканирлейсиз, тест тапшырасыз;
* Тесттин жыйынтыгын лаборатория системага киргизер замат ал сиздин тиркемеңизде дароо пайда болот;
* Тесттен ковид чыкса QR-код кызыл түскө, ал эми жыйынтыгы таза чыкса-жашыл түскө боёлот. Учуу алдында уюлдук тиркемеңиздеги тесттин жыйынтыгын тактап, мөөнөтүн аныктайсыз (ПЦР-тест жасалгандан кийин 72 саатка чейин жарактуу);
* ЕАЭС өлкөлөрү менен чек ара же башка талап кылган жайларга тиркемедеги QR-кодду көрсөтөсүз.
Урматтуу жүргүнчүлөр! “Манас” аэропорту авиабилеттердин баасын көзөмөлдөп же ага таасир тийгизе албайт, билеттерди сатууга да тиешеси жок.
error: Content is protected !!