Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
24.1 C
Bishkek
22.08.2019
Коом

Курсан Асанов: “Мен колумдан келгенди кылдым. Мага эч кандай айып коюлган жок”

Курсан Асанов: “Мен колумдан келгенди кылдым. Мага эч кандай айып коюлган жок”

Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнүн ичиндеги бункерден алып чыккан ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Мындай буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Курсан Асановдун кызматтан бошотулушун ИИМдин маалымат бөлүмү мындай билдирүү таратты:

– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички иликтөөлөр кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, А.Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди.

Коомчулукта Курсан Асановдун кызматтан бошотулушуна тескери пикирлер көбүрөөк айтылып жатат. “Мамлекеттин намысын сактап калган адамды кызматтан алуу аброй алып келбейт”, “Эшегим ылайдан өттү болду” дегендер болууда.

Курсан Асанов өзүнө карата жасалган мамиле тууралуу “Азаттыкка” мындай деп комментарий берген:

– Буюрса баары жакшы болот. Мен колумдан келгенди кылдым. Мага эч кандай айып коюлган жок. Башка комментарий бере албайм. Мен эч нерсе менен таанышкан жокмун.

Асановдун “милициянын кызыкчылыгын сатты” деп айыпталып, кызматтан алынышы, Атамбаевди кармоо операциясынын көмүскө сырлары көп экенине жем таштады.

Булак: “Ring.kg”

Окшош жаңылыктар

Президеттин Швейцарияга болгон иш сапары кандай аяктады?

Adminring

Тербишалиев “Кыялды” эмне кылар экен?

Adminring

АКЫЛ-ЭСИҢ КАЙДА?

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика