Курал Чокоев: “Керек болсо төш белгини алып барып берем, наамдын мага эч кандай пайдасы жок”

Ырчы Курал Чокоев Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин аракети боюнча пикирин айтып, ал үчүн наамдын эч кандай мааниси жок экенин билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн министрлик 2011-жылы Чокоевге ыйгарылган “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин кайтарып алган.

“Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белги мага эч кандай маани бербейт. Эгер каалашса төш белгиси менен кагазын алып барып колдоруна карматам. Бул наамдын жөн гана аты бар, эч кандай пайдасы жок. Бул өткөн замандын калдыктары деп ойлойм. Эл чынында колдосо Instagram, YouTube каналдарына катталып көрө берет. Ошого карап тыянак чыгарсак болот”, — деди ырчы.

Эске салсак, буга чейин Курал Чокоевдин чет элдик көрсөтүүлөрдү туураган долбоору чыгып, аны интернет колдонуучулары катуу сынга алышкан. Ырчы Кайрат Примбердиев жана Кайрат Кыргыз катышкан бул долбоордо коомго жат, адепсиз сөздөр айтылат.

Маданият министрлиги Примбердиевдин КР эмгек сиңирген артисти наамынан ажыратуу боюнча президенттин аппаратына сунуш жөнөткөн.

Аны менен катар бул эки ырчыны министрлик өткөрө турчу мамлекеттик маданий-массалык иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо аракетин көрүүдө.

error: Content is protected !!