Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
-1 C
Bishkek
14.12.2019
Кырсык

Кумтөр кенинде иш токтотулуп, кызматкерлер изделүүдө

Кумтөр кенинде иш токтотулуп, кызматкерлер изделүүдө
Кумтөр алтын кенинде кырсыктан улам дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерди издөө иштери уланууда. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев зарыл болсо издөөгө катышкандардын санын көбөйтүүнү жана окуянын себептерин иликтөөнү тапшырды.

Баштапкы маалыматтар боюнча 1-декабрда эртең мененки 5:43тө Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган. Ошол учурда аймакта тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн операторлору иштеп жаткан. Тоо-кен бөлүмүнүн мастерлери диспетчерлерге үйүлгөн катмардын жылганы тууралуу маалыматты бергенден кийин тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн бардык кызматкерлерине коопсуз аймакка чыгуу тууралуу сигнал берилген.

Андан соң коопсуз аймакка алып чыгуу максатында тоо-кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О. Ишенбеков «Форд пикап» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа менен көтөрүлүп, бульдозердин машинисти Ж. Жунушовду алып чыгышы керек эле. Бирок тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн эвакуацияланган кызматкерлери чогулган жерде алар жок болуп чыккан жана рацияга да жооп берген эмес.

Аларды издөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 26 куткаруучусу, аны менен бирге куткаруучу иттер, дагы 12 куткаруучу тартылган.

Бул кырдаалдын себептерин аныктоо тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлөт. Окуядан кийин кенде өндүрүштүк процесс толук бойдон токтотулган.

Өкмөт кендин үйүлгөн жараксыз катмары жылышып кеткен участок кендин негизги өндүрүш объекттерине коркунуч туудурбай турганын жана борбордук карьерден, калдыктарды сактоочу жайдан жана Петров көлүнөн коопсуз аралыкта жайгашканын билдирди.

Кумтөр – Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Расмий маалымат боюнча, Кумтөр алтын кенинде 4 миңге жакын адам иштейт. Алардын ичинен 2678 кызматкер тоо-кен ишканасы менен түз келишим түзүп иштесе, 1092 адам ортомчу ишканалар аркылуу жумушка орношкон. «Кумтөрдө» иштегендердин баары вахталык тартип менен, башкача айтканда 10-15 күндүк нөөмөт менен иштешет. (BTo)

Окшош жаңылыктар

Нарын шаарында дарыяга түшүп кеткен 61 жаштагы аял изделип жатат

Adminring

Аттракцион бир топ адамдар менен кулап түштү

Adminring

Кыргызстандык чек арачынын сөөгү Өзбекстандын табылды

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика