КСДПнын Саясий кеңеши жыйынга чогулат

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) тегерегинде түзүлгөн маселеге байланыштуу жакында расмий билдирүү таратат. Бул тууралуу 22-майда “Азаттык” радиосуна партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, жакында саясий кеңештин жыйыны өтөт:

“Партиянын жетекчисинин милдетин аткаруучуу Асель Кодуранова 18-майда катчылыкка жыйын уюштуруу тууралуу тапшырма берген. Ошондон кийин расмий билдирүү таратабыз”.

КСДПнын мурдагы лидери Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден кийин, 2019-жылдын август айында «Коррупция» беренеси менен камакка алынган, азыр УКМКнын тергөө абагында отурат.

Партия катарынан 2017-жылы чыгарылган Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Кийин Юстиция министрлиги аны 2019-жылы КСДПнын лидери катары каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн.

Соңку күндөрү партиянын ичинде дагы ажырым пайда болгону кабарланууда.

15-майда Кой-Ташта Атамбаевдин уулдары жыйын өткөрүп, партиянын Саясий кеңешинин курамын кыйла өзгөртүү, жетекчи маселесин да карап чыгуу тууралуу сөз кылганы, алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча программасын талкуулаганы кабарланган.

Партия мүчөсү, ЖК депутаты Ирина Карамушкина 21-майда “Фейсбуктагы” жеке баракчасына ачык билдирүү жарыялап, Кодуранова тууралуу “Атамбаевди жана бадарды эл алдында ачык жана чечкиндүү коргобой калды, Жолдубаева экөө партия ичиндеги интригаларды токтото алган жок” деди. “Кыргызстандын социал-демократтары” деген жаңы партия катталганын жана ал жаңы мүчөлөрдү топтоп, шайлоого кам көрө баштаганын жазды.

Кодуранова да, Карамушкина да Кой-Таш окуясына байланыштуу үй камагында отургандардын катарында.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика