Коопсуздук кеңешинин катчысы алмашты


Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кезектеги жарлыктары менен Коопсуздук кеңешине катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди кызматынан бошотуп, анын ордуна Рыскелди Мусаевди дайындады. Бул тууралуу президенттин сайты 27-октябрда жазды.

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын өткөрүп берер алдында Кеңешбек Дүйшөбаевди дайындаган. 5-6-октябрдагы тополоңдон кийинки кыска аралыкта Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин анын орун басар Өмүрбек Суваналиев аткарып турган.

Ал эми 2018-жылдан бери бул кызматты аркалап келаткан Дамир Сагынбаевди Жээнбеков кызматынан 10-октябрда бошоткон.

Жаңы дайындалган катчы Рыскелди Мусаев тууралуу ачык булактарда кеңири маалымат аз. Айрым булактарда ал мурдараак Аскердик институтту жетектеп турганы кабарланган.

Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылкы апрель ыңкылабынан кийин Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти башкарган.

Сооронбай Жээнбеков өзү кызматтан кетерин 15-октябрда кабарлап, 16-октябрда парламент жыйынында ишин расмий түрдө өткөрүп берген. Президенттин милдетин андан бери өкмөт башчылыкка шайланган Садыр Жапаров аткарууда. (ErN)