Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
24.1 C
Bishkek
22.08.2019
Саясат

Кой-Таш айылынын тургундары шаардык ооруканаларга жардам сурап кайрылгандан коркушууда

Кой-Таш айылынын тургундары шаардык ооруканаларга жардам сурап кайрылгандан коркушууда

Кой-Таш айылынын тургундары шаардык ооруканаларга жардам сурап кайрылгандан коркушууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Арашан айылынын ооруканасынын башкы дарыгери Динара Осмонкулова билдирди.

Айтымында, көпчүлүк аталган жайга келип фамилиясын атабоону суранышкан. «Биринчи жардам бергенден кийин, биз башка бөлүмдөргө багыттама берсек деле, бейтаптар ал жакка баргандан коркушууда. Алар кармап кетет деген кооптонуп жатышат», -деди дарыгер.

«Дарыгерлер көпчүлүккө жардамды көчөдөн эле көрсөтүштү. Алар үн чыгаруучу гранатадан жабыркагандар. Тизеден ылдый күйүк алгандар абдан көп болду. Алар ошол күнү эле кандайдыр бир жардам алышты, андан кийин алар ооруканага деле кайрылышкан жок», -деп кошумчалады Динара Осмонкулова.

Белгилей кетсек, Рита Карасартова Фейсбукка «Кой-Таш айылынын жашоочусу айылына кире албай жатат. Анткени тергөөчүлөр четинен кармап, жагдайды териштириш үчүн алып кетишүүдө» деп жазган.

                                                                                                                                 Б.Тынчтыкбекова      “Ring.kg” 

Окшош жаңылыктар

Исхак Масалиев: “Бабановго карата кылмыш иши негизсиз козголгондуктан ал айыбы жок экенин далилдеши зарыл”

Adminring

Каныбек Осмоналиев: “Ушул кадамга ары карап ыйлап, бери карап күлүп барууга аргасыз болду”

Adminring

Орозбек Молдалиев: “Атамбаев “Кокон хандыгы” дегенде өзүнө сөз тийет. Себеби, Кокон хандыгына өзүнүн тиешеси көбүрөөк…”

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика