Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
-1 C
Bishkek
14.12.2019
Башкы жаңылыктар

Өкмөт башчы: 2018-жылы Кыргызстандагы банктардан сыртка 90 млрд. доллар чыгарылган

Абылгазиев парламентке келди, депутаттарды "кулакка тепти", кетти...

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте депутат Таабалды Тиллаевдин: «Журналисттердин иликтөөсүндө айтылган 700 млн. доллар кимдин каражаты?» – деген суроосуна «Ишкерлердин акчасы болушу керек, иликтөө жүрүп жатат», – деп жооп берди:
– 700 млн.доллар – казынанын акчасы эмес. Бул бизнестин алакасындагы мамиле. Биздин аймакка Өзбекстандан келип башка жакка кетип жаткан болсо, банк өзүнүн кызмат акысын алышы мүмкүн. Кыргызстанда банк арзаныраак, либералдуу. Бекеринен Өзбекстандан келген акча башка жакка чыгып кетип жаткан жок. Муну этият айтышыбыз керек, бул өзү бизнеске тоскоол болот.
Ошондой эле өкмөт башчынын маалыматына караганда Кыргызстандын банктарынан 2018-жылы 90,5 млрд. доллар, ал эми 2019-жылдын 6 айында 48,3 млрд. доллар чыгарылган.
25-ноябрда Бишкекте жүздөгөн адамдар борбордук аянтка чогулуп, бийликтен коррупцияга каршы күрөшүүнү талап кылышкан. 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган. Анда шектүү жолдор менен сыртка чыгарылган акча, бажы тармагындагы коррупция жөнүндө кеп болот.

Окшош жаңылыктар

КТРК Атамбаевдин байлыгы боюнча иликтөөсүн жарыялады

Adminring

“Бишкек паркта” кыргызча сүйлөөгө тыюу салынганбы?

Adminring

Дача-СУ авиакырсыгы боюнча иш жанданды

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика