14 C
Bishkek
25.02.2020
Кырсык

Казакстанда жол кырсыгынан төрт кыргызстандык каза болду

Казакстандын Самара-Шымкент автожолунда катталган жол кырсыгынан Кыргызстандын төрт жараны каза болуп, дагы бирөө ооруканага түштү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабаралады.

Мекеменин маалыматы боюнча, кырсык 16-январда болгон. Анда 19, 25, 27 жана 29 жаштагы кыргызстандыктар мерт болгон.

Каза болгондордун сөөгү Казакстандын Иргиз райондук ооруканасындагы моргго жеткирилди. Учурда автокырсык боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Каза болгондордун туугандарына кабар берилди. Сөөктөрдү алып келүүгө Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жардам берет. (BTo)

Окшош жаңылыктар

Садыр Жапаров: “Дастан уулум, мени кечирю Сени үйлөнтө албай калдым”

Adminring

Алайда уурулукка шектелип жаткан жоокер асынып алды.

Adminring

Сүлүктүдө шахтада ууланып төрт киши каза болду

Adminring
Яндекс.Метрика