Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
-1 C
Bishkek
20.01.2020
Дүйнөлүк жаңылыктар

Казакстанда автобус оодарылып кетип, сегиз киши ажал тапты

Казакстанда автобус оодарылып кетип, сегиз киши ажал тапты

Казакстандын Кызыл-Ордо – Кумкөл унаа жолунда 3-декабрда таң сүрүлүп баратканда эл ташыган автобус музга тайгаланып, оодарылып кетти. Ички иштер министрлиги унаада 35 адам болгонун, сегиз адам өлүп, дагы 20дан ашык киши жаракат алганын билдирди.

Маалыматка караганда, автобуста Кумкөл мунай кенине жумушка бараткан жергиликтүү компаниялардын биринин кызматкерлери болгон.

Кырсыктын алдында ИИМ бул аймакта жамгыр жаап, жолдорду муз каптап калгандыктан Актөбө, Кызыл-Ордо жана Жамбыл облустарында жолдо жүргөндө этият болуш керек экенин эскертип жаткан.

Ушул тушта Кызыл-Ордодон 25 чакырым алыстыктагы жолдо полициянын бекети коюлуп, бир да унаа өткөрүлбөй жатат.

Окшош жаңылыктар

А.Шевченконун кезектеги кармашы Ньюаркта болот

Adminring

Орусия учагы Түштүк Кореяга таандык аба мейкиндикти бузду

Adminring

Кабулда экинчи күн катары менен жарылуу болду

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика