Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
24 C
Bishkek
22.08.2019
Окуя

Кашкардын Атамбаевди биз багындырдык дегенине ишенүүгө болобу? Же Кремлдин сөзүнөн кийин Атамбаев кол көтөргөнбү?

ИИМ министри Астаканович кабинетинен чыга албай олтурганы неси?

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча маалымат берип жатып, мурунку президент Атамбаевди кантип колго түшүргөнү тууралуу айтты.

Ал “Окуяда ок атуучу курал колдонулган жок. Атайын каражаттар гана колдонулду. Кан төгүлүү болуп кетпесин деп Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен 2 жолу сүйлөшүү жүргүзгөм.  Атамбаев сүйлөшүү шарттары менен макул эместигин билдирди. Ал акыркы чара көргөнгө чейин бара тургандыгын айтты. Мен ага өз ыктыяры менен багынып берүүсү үчүн 10 мүнөт убакыт бердим. Анын жанында Кундуз Жолдубаева менен Фарид Ниязов, 2 жан сакчы жана 25-30 жаштардагы эркек киши бар болчу. Кундуз Жолдубаева каршылык көрсөтө тургандыктарын айтты. Мен бастырып кирүү чечимин кабыл алдым. Жыйынтыгында алар кармалышты» деди.

Бизге жеткен маалымат боюнча, 8-август күнү Атамбаев Москва менен телефондо сүйлөшкөн. Москвага алып барып келген Андрей Бельянинов байланышта болуп, өзүнүн шефтерине маселени чечүүгө чыгат. Ал жактан “Тынчысын” деген бир эле сөздү уккан Андрей, Атамбаевге багынып берүүдөн башка жол жок экенин билдирет. Ошондон кийин Атамбаев куралдуу каршылык көрсөтүүсүн токтотот.

Кашкардын “Мен бастырып кирүү чечимин кабыл алдым, алар камалышты” дегенине ишенебизби, же азырынча көшөгөнүн артында сөз болуп жаткан орустар менен сүйлөшүү болуп, маселе чечилди дегенге ишенебизби?

“Ring.kg”

Окшош жаңылыктар

Кыргыз-тажик чек арасында дагы чыр чыкты

Adminring

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго Кара-Суу районунан Кайрылуу (Ачык кат)

Adminring

“Газпром” акциясын сатып жиберди

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика