Карганбек Самаков азыркы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады

Коомдук ишмер Карганбек Самаков азыркы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады.

БИРГЕЛИКТЕ ЖЕНЕБИЗ!!!

Урматтуу Мекендештер!!!
Кыргызстан дагы бир жолу оор сыноону башынан өткөрүп жатат.
Бийлик шайлоонун шайтан оюндары менен алек болуп,шайлоочулардын укугун тебелеп “Өзүм билем” деген декламацияны айтып жатып,нерви кашайган элден көргүлүктү көрүп,”Араң турган көз эле чыгып кетти өзү эле” болуп отуру.

Элибизден айланайын!!!
Элибиз акыйкатты тебелетпейт экенин дагы бир ирэт көрсөттү. Ошону менен бирге Элибиз Эр-жүрөк,Чынчыл,Патриот жана жоопкерчиликтүү жаштарыбызга, инсандарыбызга бай экенине ынандык.

Бийлик дайын оту менен жоголуп кетип, өлкөбүз бир топ күнгө Хаос менен Анархиянын курчоосунда калды.

Инвестициялык климат дагы ондогон жылдарга артка кетти.
Эл ак үйдү басып алганда жүрөктөрү кабынан чыгып кеткен эл өкүлдөрүн сай-сайдан издеп араң чогултушту.

Ошентсе дагы Элдин талабы менен сунушталган жаны өкмөттү, структурасын, жана программасын мыйзамдуу бекитип беришти.

Иштеринде ийгилик болсун!
Ал ортодо Чукул чечиле турган көйгөйлүү маселелерге көнүл бурушубуз абзел.
Айылдан борборго чейинки элдин катуу талабы Люстрация!!!
Эл талабы сөзсүз аткарылышы керек!!!
Өлкөбүбүздү саясий-экономикалык баткактан сууруп чыга турган жогорку квалификациядагы тажрыйбалуу професионалдар менен бийлик бутактарын толуктоо зарыл.

Өзгөчө туйшуктуу маселе
БЮДЖЕТ !!!
Дүйнө жүзүн каптаган Пандемия биздин ансыз да араң турган Бюджетибиздин кырымчыгын кырып кетти.
Абылгазиев менен Бороновдун өкмөтү COVID-19 Пандемиясы менен күрөшөбуз деп 2020-жылдын март айынан баштап ВБ,МВФ,АБР,ИБР,жана башка эл аралык финансы уюмдарынан алган 708 млн. доллар же 55 млрд.сом акчанын 0,3 % ин гана пандемияга жумшап, калган акчанын дээрлик копчүлүгүн
өкмөт,ЖК баш болуп 300-мин сомдон айлыкка бөлүп кетишип ошол бойдон Абылгазиев менен Боронов качып жок.
Коронавирустан каза болгон
минден ашуун адам жана ооруп запкы жеген он миңдеген адамдардын тагдыры үчүн тиешелүү бийлик төбөлдөрүн катуу жоопко тарта турган мезгил келди.
Үстүбүздөгү Мамлекеттик бюджет(2020) болгону 135 млрд. сом.
Анын ичинен 38 млрд. сом бюджеттин таңсыздыгы(дефицити).
Анын ичинен 35-млрд. сом тышкы карызды тейлөөгө кетет.
Анын ичинен 54-млрд. сом
650-миң пенсионерлердин пенсиясына кетет.
Анын ичинен 7,5 млрд. сом аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн пособиесине кетет.
Ошондо:
135-38-35-54-7,5=0,5 сом.
Демек бюджетте сокур тыйын жок.
Ошол эле маалда:
108- миң мугалимдер,
49708- медиктер,
24 -миң МВД,МЧС кызматкерлер
98- миң чек-арачылар менен чекисттер,
16500-аскерчилер,
12-миң студенттер,
Айлык акы, стипендия албай жел оойбу ?
Дагы бир маанилуу маселе:
Көмүр-отун жагуу сезону жаңы эле башталды!!!
Көмүр менен камсыз кыла турган негизги көмүр карьерибиз Кара-кече жолу 6- млн. м/куб тоо көчкү менен жабылып калды.
Элибиз кыштан чыгыш үчүн жылына 2-млн. тоннадан ашык көмур жагышат, анын ичинен 800 миң тоннасы ТЭЦ ке кетет.
Алдыбызда узуун жана суук кыш мезгили жана андан дагы жеңил эмес узуун сары жаз мезгили турат.

СУНУШ:
Эл тарабынан сунушталып
Парламент тарабынан бекиген
Жаны өкмөт тез арада профессионал дипломаттар менен финансисттерден турган жоон топ түзүп, Өлкөбузгө тездик менен акча-каражат тартуу үчүн
ЭЛ-АРАЛЫК сүйлөөшүүлөрдү баштоо зарыл.
Урматтуу мекендештер!!!
Манас атамдын урпактары!!!
Келгиле бирге күч жумшап, өлкөбүздү саясий-экономикалык кыйынчылыктан сууруп чыгалы!!!
Бириксек-Бирге женебиз!!!

Терең урматым менен,
Карганбек Самаков

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика