Каракол шаарында бийиктиги 21 метр болгон жаңы жылдык балаты кулады

Бүгүн, 14-январда Ысык-Көл облуунун Каракол шаарынын борбордук аянтында орнотулган жаңы жылдык балаты кулады.

Мэриядан билдиришкендей, катуу шамалдын кесепетинен конструкциялар туруштук бере албай, балаты кулап түшкөн. 

Белгилей кетсек, жаңы жылдын негизги символдорунун бирин борбордук аянтка орнотуу 30-ноябрда башталып, 20-декабрда аяктаган. Жаңы жылдык балатынын бийиктиги 21 метр. 2017-жылы аны жасоого 1 миллион сом сарпталган.

error: Content is protected !!