“Каракол” лыжа базасында каза болгон өспүрүм. Кырсыктын чоо-жайы

“Каракол” лыжа базасында каза болгон казакстандык өспүрүмдүн өлүмүнүн чоо-жайы тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирүү таратты.

Тергөөнүн жүрүшүндө өспүрүм 35 жаштагы апасы менен 3-январда Нур-Султан шаарынан Токмоктогу туугандарыныкына келген. 10-январда Караколдогу лыжа базасына эс алууга барышкан.

“12-январь күнү саат 13.00дөр чамаларында өспүрүм 3 040 метр бийиктиктен ылдый түшкөн. Болжол менен 2 700 бийиктикке түшкөндө бурула албай чоӊ карагайды сүзгөн. Алган жараатынан улам окуя болгон жерден каза болгондугу аныкталган”, — деп айтылат маалыматта.

Өспүрүмдүн денесин кароо учурунда оӊ буту жана мойну сынганы аныкталган. Учурда кырсыктын себептерин толук аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганы белгилүү болду.

 

error: Content is protected !!