Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
13.1 C
Bishkek
13.10.2019
Саясат

Кайрат Осмоналиев, саясий эксперт:“Оппозициянын белин сындырган Атамбаев болгон”

Кайрат Осмоналиев, саясий эксперт:“Оппозициянын белин сындырган Атамбаев болгон”

– Президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын сындаган күчтүү оппозициялык биримдик качан жаралат?

— Саясий элита деп айтылып жүрбөйбү. Эски элита саясий айдыңдан кетип, жаштар келсе жаңы оппозиция пайда болот болчу. Бүгүнкү күндөгү күчтүү саясатчылар эски толкундун адамдары. Саясий айдыңда дагы ошолор эле жүрүшөт. Булар элдин ишенимин эбак түгөтүшкөн. Жаңы ишенимди алчу жаштар көрүнбөй жатат. Бизде эскилер кете элек, жаңы жүздөр чыга элек көрүнүш болууда. Мындан сырткары, көпчүлүк саясатчыларды Атамбаев учурунда компромат табышып, ооздорун жаап коюшкан. Компроматтардын согушун көрүп жатпайбызбы. Дээрлик таза саясатчы калбай калгандай. Кийинки жылы парламенттик шайлоо болот. Ошондо жаңы толкундун өкүлдөрү пайда болсо керек. Биз парламенттик республикабыз деп айтып келатышат. Факт жүзүндө президенттик өлкө болуудабыз. Күчтүү оппозиция жок. Оппозициянын белин сындырган Атамбаев болгон. Ошондуктан, азыркы кырдаал президентке аябай ыңгайлуу. Азыр парламентти таратуу боюнча көп талкуу болуп жатпайбы. Эгер парламент Өкмөткө ишеним көрсөтпөсө таратууга укугу бар. Абылгазиевге парламентке барганда, ага депутаттар ишеним көрсөтпөөгө көп негиздер бар. Парламентти таратып, 45 күндүн ичинде шайлоону өткөрүп коюу президентке көп мүмкүнчүлүктү жаратмак.

Окшош жаңылыктар

Абдрахманов менен Атамбаев соттошсо, Мусабекова кайсыл “шефине” болушат?

Adminring

Айыл-чарбаны тескеген Эркинбек Чодуевдин “чудолору” чубалууда, буга чара көрүлөбү?

Adminring

Жусупжан Жээнбеков: «Атамбаев мени менен чогуу ичип жүргөн кезде агынан эле 10 грамм эмес, 50 граммдан урчу»

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика