Кадамжай районунда кылмышкерлер бай үй-бүлөгө кол салып, 9,5 миллион сомду алып кетишкен

Сот органдары Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагындагы үй-бүлөгө каракчылык кылган деп шектелген жигитке карата баш коргоо чарасын узартты.

Бул иш боюнча соттолуучу М.У.О, 1994-жылы туулган, орто билимдүү, эч жерде иштебейт. Мурда сот жообуна тартылган. Кызыл-Кыя шаарында жашайт. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (“Каракчылык”) боюнча айыпталып жатат. Кадамжай райондук соту 25-сентябрда камакта кармоо мөөнөтүн узартты.

Ошол эле учурда, шектүүнүн адвокатынын айтымында, М.У.нун күнөөсү боюнча эч кандай далилдер жок, куралдан манжа издери табылган жок жана тергөө ишинин жүйөлөрү божомолдорго гана негизделген. Ал баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү суранды.

Баткен облустук сотунун Соттук коллегиясы чечимди 13-октябрда күчүндө калтырды. Ошентип, камакка алуу чечими 30-ноябрга чейин узартылды.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, 27-майдан 28-майга караган түнү М.У.О агасы жана шериктери менен (тергөө өздүгүн тактай алган жок) бирге Чаувай айылындагы үйлөрдүн бирине кирген. Алар “ДЭУ Ланос” үлгүсүндөгү унаа менен түнкү саат экилер чамасында үйгө чейин барышкан. Беткапчан жана камуфляж формасын кийген беш белгисиз жигит Үч-Коргон айыл аймагынын 43 жаштагы тургунунун үйүнө кирип кетишкен. Кол салгандар үйдөгү электр жарыгын өчүрүп салышкан.

Алар тапанча менен коркутуп, үйдүн ээсин жана анын аялын сабашкан. Кылмышкерлер үйдө болгон эки өспүрүмдү – үй кожоюндарынын 17 жаштагы уулу жана 16 жаштагы жээнин дагы байлап салышкан. Кылмыштуу топ 9,5 миллион сом жана алтын буюмдарды тартып алышкан. Акча сейфте жана сандыкта сакталган. Алар үч уюлдук телефон жана кроссовка алып кетишкен. Андан кийин алар үйдөн чыгып, Lexus GX унаасынын дөңгөлөктөрүн тешип, кылмыш болгон жерден качып кетишкен.

Шектүүлөр апрель айында велосипед менен 20 чакырымдан ашуун аралыкты өтүп, каракчылык жасалган айылга барышкан. Велосипеддер дагы материалдык далил катары көрсөтүлүп жатат.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика