Москва алдындагы Воскресенск шаарынын тургуну аферисттерге алданып, эки млрд. өлчөмүндөгү чыгымга туш болгон (Кыргыз акчасына которгондо болжол менен 3,4 млрд сомду түзөт экен).

Аял телеканаладарга берген маегинде баласын жалгыз тарбиялап, карыз болуп калганы үчүн жумушсуз калагынан айткан.

Анын айтымында, бир нече жыл мурда жумушка орношоордо документтердин мазмуну менен таанышпай туруп кол коюп берген экен. Кийин фирма негиздөөчүсүнүн бири болуп чыга келиптир. Ал эми афиристтер анын атынан фирмага кредит алышып, аны төлөбөй качып кетишкен.

Алар эптеп себеп таап, мени жумуштан чыгарып жиберишкен. Жулдошум менен ажырашып кеткем, баламды жалгыз багам. Адвокатка кайрылып, сотко арыз жаздым. Үйүмдү тинтип чыгышты. Нерв болуп, дары-дармекке көз каранды болуп калдым”, – дейт мурун көчө шыпырып иштеген аял.

Жергиликтүү басылмалар 2016-жылы Москванын Дорогомиловский соту аялдан карызды өндүрүп алуу тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Москва облусундагы адам укуктарын коргоо борборунун өкүлү Екатерина Семенова аялга байланыштуу кырдаалды өз көзөмөлүнө алганын айтты. Дагы ал 1,82 млрд рубль кредитти, ошондой эле 127,4 миллион рубль өлчөмүндөгү админстративдик айыппулду төлөөгө милдеттүү.

                                                                                                                                   Булак: “Медиаплов”