Иранда дезинфекциялоочу каражаттан улам 3 адам каза болду

Иранда дезинфекциялоочу каражаттын себебинен ууланып 3 киши каза тапты. Бул тууралуу IslamNews жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, акыркы күндөрдө жаңы типтеги коронавируска (Ковид-19)каршы чара көрүүлөрүнүн алкагында эң көп талап кылынган заттардан айна жана дезинфекциялоочу зат аралашмасынын Чахармахал-Бахтияри провинциясында жабык аянтта колдонулушунун себебинен 3 киши ууланып каза болгону маалым болду.

Мындан сырткары, Иранда коронавирустан коргогону үчүн ичкиликтен уулангандардын саны 1000 (миңден) ашып, андан каза тапкандардын саны да 219га жеткен. Себеби, алар интернеттен такталбаган маалыматтарды окуганынан удам келтп чыккан.

Иранда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны, соңку маалыматтар боюнча 27017ге жетип, 2077 адам каза болду. Ал эми оорудан 10 миңге жакын адам айыгып кеткен.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика