Ипотекага үй алуунун жаңы механизми пайда болду

Мамлекеттик ипотекалык компания жаңы механизмди ишке киргизди. Ал МИКтин туунду ишканасы «Ак-Босого» турак-жай-сактык кредиттик компаниясы тарабынан ишке ашырылат. Бул тууралуу аталган компаниянын жетекчиси Элмира Абжапарова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Жаңы механизмге ылайык, турак-жайга керектүү сумманын тең жарымын 3-10 жыл аралыгында жарандар өздөрү топтойт. Калганын «Ак-Босого» турак жай-сактык кредиттик компаниясы берет.

«Ал үчүн жаран компания менен келишим түзүп, ай сайын топтомдорун жиберип турушу зарыл. Эсептеги депозиттер мамлекеттик колдоого алынат. Дагы бир чоң өзгөчөлүгү — турак-жайы бар жарандар да компаниянын кызматтарынан пайдалана алышат. Топтоодо чек жок, жаран мүмкүнчүлүгүнө жараша каражат чогултат. Компания Улуттук банктын көзөмөлүндө иш алып барат, андыктан ишенимдүү. Бул — дүйнөдө таанылган механизм. Маселен, Европада экинчи дүйнөлүк согуштан соң турак-жай фондун ушул механизм аркылуу калыбына келтиришкен», — дейт Абжапарова.

Анын айтымында, «Ак-Босого» турак-жай-сактык кредиттик компаниясынын каражаттарын турак-жай сатып алуудан (же куруудан) сырткары үйдүн аянтын кеңейтүү, капиталдык оңдоп-түзөөгө да сарптай алышат. Мындай кызматтар чет жакта жүргөн мекендештер үчүн да каралган.

Абжапарова МИК дүйнөлүк тажрыйбаны анализдеп, жаңы ипотекалык насыялоонун механизмдерин ишке киргизүү максатын көздөөрүн кошумчалады.

error: Content is protected !!