Гүлнара-Клара Самат Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси болуп дайындалды

Гүлнара-Клара Самат Кыргыз өлкөсүнүн атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Гүлнара-Клара Саматтын элчиликке сунушталып жатканы кабарланган.

Былтыр октябрь айында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы мурунку элчиси Аликбек Жекшенкуловду кызматтан кетээр алдында кызматтан алган. Жарлык “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланган.

error: Content is protected !!