5 C
Bishkek
25.02.2020
Башкы жаңылыктар

Евробиримдик Кыргызстандын социалдык коргоо тармагына 6 млн. еврого жакын акча бөлдү

Евробиримдик Кыргызстандын социалдык коргоо тармагына 6 млн. еврого жакын акча бөлдү

12-февралда Европа Биримдиги Кыргызстандагы социалдык коргоо секторун колдоо максатында грант катары Финансы министрлигине 5 млн. 750 миң евро которду.

Бул – өлкөнүнүн социалдык секторун колдоо көрсөтүү программасынын алкагындагы которулган үчүнчү жана акыркы акча каражаты. Программанын максаты өкмөттүн социалдык коргоо тармагында реформа жүргүзүүгө багытталган. Европа Биримдиги 2016-жылдан бери бул программанын алкагында 16,5 миллион евро грант бөлгөн.

Европа Биримдигинин 2014-2020-жылдары Кыргызстандагы социалдык коргоо секторун колдоо максатында ишке ашырган программаларынын жалпы суммасы 174 млн. еврону түзөт. (TSh)

Окшош жаңылыктар

Ажылыкка алгачкы топ эртең жөнөйт

Adminring

Батукаевдин ордуна анын акчасын алып, түрмөдөн бошоткондор отурууга тийиш…

Adminring

Атамбаевдин макамы боюнча ишти караган соттук коллегия бир судьяны курамынан чыгарды

Adminring
Яндекс.Метрика