Блогер Улукбек Карыбек уулу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Улукбек Карыбек уулу бүгүн, 14-июлда Бишкектен кармалган. Ал Ош шаарына жеткирилет. Анын үстүнөн Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кызматкерлери арыз жазышкан.
SUPER.KG сайты өздүк булактарынын маалыматына таянып Улукбек Карыбек уулунун оорукананын эшигин талкалап, бир адамдын башын жарганга шектелүүдө деп жазып чыкты.
Башка маалымат айтылган жок.
Буга чейин Улукбек карыбек уулу өзүнүн ютуб каналына “Ош облустук оңолбос төрөт үйү” аттуу видео материалды жарыялаган. Андан кийин блогердин үстүнөн дарыгерлер арызданышкан.
Булак: Супер инфо сайты