Эркек адам жаш кызды сабап жаткан видеонун чоо-жайы айтылды

Интернет желелерине “Дордой Моторс” соода комплексинде эркек адам жаш кызды сабап жатканын чагылдырган видео жарыяланган.

Териштирүү иштеринде кызды сабап жаткан жаран аныкталган. Ал 1995-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран болгон. Ал Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө алып келинген. Сотко чейинки өндүрүштө окуядагы кыз анын бир тууган карындашы болорун айткан.

“Үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам ортодо чыр чыкканын айткан. Ал эми жабырлануучу К.А. бир тууган агасынын үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан. Учурда кыздын абалы жакшы. Териштирүү иштери жүрүүдө”, – деп жазылат маалыматта.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика