Экс-депутат Кубанычбек Нурматов 2 айга камакка алынды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Нурматов УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.

Райондук соттун чечими менен экс-депутат 20-ноябрга чейин камакта болот.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Нурматов 20-сентябрда 2013-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда 500 миң доллардан ашык суммадагы кыймылсыз мүлккө алдамчылык жол менен ээлик кылып алган деп кармалган.

error: Content is protected !!