Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
-1 C
Bishkek
14.12.2019
Маданият

Джангарачева “турсийин” кийип кызматтан кетти

Джангарачева "турсийин" кийип кызматтан кетти

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде уюштурулган феминнале боюнча түшүндүрмө берди.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, иш-чаранын уюштуруучулары музейдин имаратын ижарага алышканы, алар аялдардын экономикалык эркиндиги боюнча темага коомчулуктун көңүлүн бурууну максат кылышканы айтылат.

Маалыматка ылайык, экспозиция толугу менен уюштуруучулардын (ижарага алуучулардын) ойлогон оюна ылайык түзүлгөн жана ал коомчулук арасында талаш-талкуунун пайда болуусуна шарт түздү.

«Маданият, маалымат жана туризм министрлиги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болушуна каршылыгын билдирет жана заманбап искусствонун мындай чагымчыл чакырыктарын колдобойт», деп айтылат маалыматта. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.

Ал эми жарандык активисттер бүгүн, 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына нааразылык акцияга чыкты. Учурда социалдык тармактарда музейдеги жылаңачтанган кыз, илинген турсий тууралуу чуулуу талкуу жүрүүдө.

Окшош жаңылыктар

Президент С.Жээнбеков кыргызстандыктарды Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

Adminring

Сөң-Көл жайлоосундагы этношаарча

Adminring

С.Жээнбеков: “Мыйзамсыз берилген жерлер мамлекетке кайтарылат”

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика