ДССУнун талдоочулары коронавирустун келип чыгышын изилдөө үчүн Кытайга барды

Бүгүн, 14-январда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талдоочулар тобу Кытайдын Ухань шаарына COVID-19 коронавирус инфекциясынын келип чыгышы боюнча глобалдык иликтөө жүргүзүү үчүн барышты. Бул тууралуу «CGTN» телеканалы билдирди.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жао Лицзян Кытай тарап бул иликтөөдө эл аралык топту кабыл алууга жана колдоого даяр экендигин билдирген.

Телеканалдын берген маалыматына ылайык, талдоочулар тобун аэропорттон тез жардам унаалары жана коргоочу кийим кийген кызматкерлер тосуп алган. Талдоочулар кеминде 14 күндүк карантинге алынат.

Расмий маалыматтарга ылайык, коронавирустун биринчи очогу 2019-жылдын аягында Ухань деңиз азыктарын сатуучу базарында болгон. 2020-жылдын башталышы менен коронавирус дүйнө жүзүнө жайыла баштаган. 2020-жылдын 11-мартында ДССУ COVID-19 оорусун пандемия деп жарыялаган болчу.

error: Content is protected !!