Депутат Марлен Маматалиев айдоочуларга акысыз бензин куюп берип, элди бекер ташытат

Депутат Марлен Маматалиев айдоочуларына акысыз бензин куюп, элди бекер ташытат. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда ал Facebook социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Тилекке каршы, мартшруттук таксилердин айдоочулардын жарымысы жумушка чыкпай коюшту. Чыккандарга ыраазычылык билидребиз. Кечээ кечинде бир топ жарандарыбыз кыйналды. Бүгүн дагы ушундай болуп калбасын деп, досторубуз менен чогуу эки жыл мурун өткөргөн акциябызды баштап жатабыз. Унааларды топтоп, аларга маршруттук таксилердин номурларын чаптап, “Элге жардам берели” деген акцияны өткөрүп жатабыз”, – деди ал.

“Ал эми унаасы бар, бирок бензини жок болсо, бул жакка келсе болот. Аларга бенззин куюп беребиз. Кечке маал, 6дан 9га чейин жарандарга жардам берип коёлу”, – деди ал.

Акцияга катышууну каалагандар Asia Mall соода борборунун унаа токтотуучу жайына келишсе болот.

error: Content is protected !!