Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков Бишкек ЖЭБинде дагы авария болду деген маалымат келип түшкөнүн айтып, Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.
“Мага кечээ, 20-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, 4-энергетикалык блок иштебей калды деген маалымат келди. Кечээ болгон жарылуу тууралуу бүгүн маалымат жок. Алмасбек Ахунжанович ушул маселени ЖЭБдин жетекчилигинен тактап, көзөмөлдөп коюшуңузду суранам“, – деди Турусбеков.