Депутат: “Арстан Алай оорулуу болсо дарылап, таза болсо жоопкерчиликке тартыш керек”

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Самат Исманов президенттикке талапкерлигин койгон Арстан Алай тууралуу пикирин айтты. Эл өкүлүнүн айтымында, Арстан Алай өзүн кудаймын деп атап, коомчулуктун башын айландырып жатат.

“Президенттик шайлоо өттү. 17 талапкерди көрдүк, алардын арасындагы фаворит делген Садыр Жапаров жеңишке жетти. Ислам диниби, христиан диниби же башка дин болобу баарында 1 эле Кудай бар деп айтылган. Эч бир динде башка кудайлар жөнүндө айтылган эмес. Бирок, талапкерлердин бири элдин баарына “мен кудаймын” деп жарыялап, миңдеген карапайым элдин башын айландырып жатат. Эгерде ал жарандын оорулуу экени аныкталса, дарыланышы керек. Оорулуу эмес болсо анын айткандары экстремизм катары бааланып, жоопкерчиликке тартылышы керек”, – деди Исманов.

error: Content is protected !!