Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
12.4 C
Bishkek
14.10.2019
Саясат

Дастан Бекешов “5-каналды” сатуу сунушун берет

Дастан Бекешов “5-каналды” сатуу сунушун берет

Жогорку кеңештин депутаты Дастан Бекешов өзүнүн социалдык баракчасында “5-каналды” сатуу сунушун Өкмөткө берээрин айтып чыкты. Ал өз сөзүндө “5-канал” жеке менчик эмес мамлекеттик канал экенин унутуп, акыркы убакта чуулгандуу кабарга айланган “Азаттыктын” операторунун тонолушуна байланышкан маселеде бир тараптуу маалыматтарды тараткандыгын жана ал пикирлер мамлекет тарабынан айтылгандай таасир калтырып жатканын сындады. “Ошондуктан каналдын бизге кереги жок, биз ага каражат бөлбөйбүз. Биз аны сатууга коюшубуз керек. Мен Премьер-министрге бул каналды сатыкка коюу боюнча сунуш катын жиберем”- деп билдирди.

Буга “5-каналдын” 2-октябрдагы “Кеп ошондо” (Нарын Айып алып барган) телеберүүсүндө бир тараптуу айтылган маалыматтар себеп болгон. Аталган берүүдө: “Акыркы учурда “Азаттык” улам жаңы чууга аралашып жатат. Бул анын аброюна шек келтирүүдө. Коомдук жайларды же жеке менчик мүлктү тартуу алдында сөзсүз мүлк ээсин кабардар кылуу керек эле. Май айында да “Азаттык” өлкөдөн 700 млн доллар чыгарылып кеткен деп чыккан. Бирок ага жетиштүү далил көрсөтө алган эмес. Көрсөтүлгөн далилдер да интернеттен алынган көчүрмө болушу мүмкүн”, – деген сөздөр айтылат.  Андан сырткары “Азаттык” эски бийлик менен да тымызын иш жүргүзөт деген да пикирлер бар.

“…көчүрмө болушу мүмкүн”- деген жүйөө менен “5-канал” “Азаттыкты” шыбаганга негиз жок деп ойлойбуз. Анткени, “Азаттыктын” иликтөөсүн тиешелүү тараптар сотко берип, сотто “Азаттык” өзү келтирген жүйөөнү далилдей албай калып доого жыгылган болсо бир жөн. Ал эми “5-каналдын” жогорудай калпыс пикири коомчулукту бир тараптуу маалымат таркатып жаткандай ойго салууда. Ал мамлекеттик канал болгондой кийин “жогортон” ушундай “заказ” болуп жатса керек деп ойлор басымдуулук кылууда. Ал гана эмес “5-канал” эбак эле “мамлекеттүүлүгүн” жоготуп 3-тараптарга сатылып кеткендиги жөнүндө күбүр-шыбыр имиштер бар.

Мыйзам боюнча массалык маалымат каражаттары ортолук пикирди карманып, эч жакка тартпастан эки тараптын тең оюн угуп, калыстыкты чагылдыруусу керек эле.

Депутат Д.Бекешов “5-каналды” “эмчектен чыгарып”, мамлекеттен ажырата алаар бекен? Эгер эл ичиндеги күбүр-шыбыр чын болсо, аны башка да депутаттар колдоп чыгаары шексиз…

Айта кетсек: 28-сентябрда “Азаттыктын” оператору Ош шаарында телеиликтөө жүргүзүп жаткан учурунда аны белгисиз адамдар тоноп, жабдыктарын тартып алышкан. Кийинчерээк “тоногондор” Раим Матраимовдун адамдары экени айтылган. Анда кол салгандар жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты деп милицияга арызданышкан.

Демократиялык принциптерди туу туткан биздин мамлекетте мындай окуялардын орун алышы сөз эркиндигине карата чектөө катары кабылданып, жарандардын маалымат алууга болгон укуктары чектелип жатат деп кесе айтсак деле жарашкыдай болуп турат.

Окшош жаңылыктар

Жанар Акаев: “Эгемен, көз карандысыз мамлекет болушубузга далай жылдар бар окшойт”

Adminring

Адилет Айтикеев, журналист: “”Азаттык” чычалабасын, Венера Жуматаева жетекчиликке келгени “Азаттык” Атамбаевчил болуп калган”(Видео)

Adminring

И.Карамушкина айдоочусу Алексейге болгон башкача мамилеси бар шекилдүү.

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика