Дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы Айтурган Бишкектен табылды. Ата-энеси менен урушуп кетип, Бишкекке келе бергенин айткан

Изделип жаткан 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова Бишкектен табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

“Биринчи Май райондук күзөт кызматкерлери саат 19:00 чамасында “Ала-Тоо” аянтында жүргөн кыздын документтин сурашкан. Жыйынтыгында ал изделип жаткан Айтурган Өмүрбекова болуп чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча ал ата-энеси менен урушуп кетип, Бишкекке келе бергенин айткан”, – деп билдирет басма сөз кызматынан.

Жоголуп табылган кыз Ош шаарынан болот. Ал 5-июль күнү болжол менен саат 20:00 чамасында үйүнөн чыгып кетип, кайра келген эмес.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика