Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
14.12.2019
Экономика

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 55 млн. долларлык насыя жана грант берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 55 млн. долларлык насыя жана грант берет

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Бүткүл дүйнөлүк банк) Кыргызстанга суммасы 27,5 миллион АКШ доллары болгон насыя жана 27,5 миллион АКШ долларына барабар грант бермекчи.
Президент Сооронбай Жээнбеков 55 миллион доллар сарптала турган долбоорду ишке ашыра турган документке кол койду.
“Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашуу ратификацияланды.
“2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду”, — деп айтылган маалыматта.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 31-октябрында кабыл алган.
КРдин Финансы министрлиги белгиленген тартипте аталган ассоциацияга жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо үчүн 100 млн. доллар бөлүнөт
Эскерте кетсек, Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы” долбоору Түп — “Каркыра” көзөмөл өткөрүү жайы автожолунун тилкесин (39 –76 чакырымдар), Каркыра капчыгайындагы туристтик лагерге алып баруучу жолду (15 чакырым) реабилитациялоону, жол-эксплуатациялоо жабдууларын сатып алууну карайт. Андан сырткары, Кыргызстандын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөө жаатындагы дараметин жогорулатууну, Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун дараметин чыңдоону камтыйт. Ошондой эле беш туристтик сервис-борборду куруу жана Ысык-Көл облусунун Түп, Ак-Суу райондорунда коомдук деңгээлдеги геопарктарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн колдоо көрсөтүү боюнча компонент каралган.
“Аталган долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн 55 миллион доллар өлчөмүндө каражат сарпталат. Макулдашууга ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Бүткүл дүйнөлүк банк) Кыргызстанга суммасы 27,5 миллион АКШ доллары болгон насыя (каржылоонун шарттары: насыя 38 жылдык мөөнөткө берилет, жеңилдик мезгили — 6 жыл, жылдык үстөгү — 0,75 пайыз), ошондой эле суммасы 27,5 миллион АКШ долларына барабар грант берүү аркылуу колдоо көрсөтөт”, — деп айтылат маалыматта.
Бул долбоор боюнча кыргыз өкмөтүнүн кошо каржылоосу каралган эмес.

Окшош жаңылыктар

Кыздын бараар жери күйөө, АШАнын бараар жери түрмө

Adminring

Абдылдаев дагы абакты “аттайбы”?

Adminring

Ипотекалык каржылооого 500 млн сом азбы,көппү?

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика