Дүйнөдө 38 миллиондон ашык адам COVID-19 жуктурду

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 38 млн адамдан ашты.

Жонс Хопкинс университетинин эсебине караганда, бүгүн, 14-октябрга карата 188ден ашык өлкөдө 38 млн 46 миң 18 адамдан COVID-19 аныкталды. Алардын ичинен 1 млн 85 миң 15 адам көз жумган.

Коронавирус жуктургандар эң көп 3 өлкөдө катталды: АКШда – 7,8 млн, Индияда – 7,1 млн жана Бразилияда – 5,1 млн.

Коронавирустан каза болгондордун саны боюнча да АКШ алдыда турат. Ал жакта 215 киши көз жумган. Ал эми Бразилияда 150,6 миң, Индияда 109,8 миң адам каза болду.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика