COVID-19: Өлкөдө сутка ичинде 263 бейтап айыкты

Өлкөдө сутка ичинде 263 бейтап коронавирустан айыгып чыкты

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус инфекциясынан 263 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Бишкек шаары – 14;
Чүй облусу – 28;
Ош облусу – 63;
Талас облусу – 26;
Нарын облусу – 8;
Ысык-Көл облусу – 55;
Жалал-Абад облусу – 32;
Баткен облусу – 13;
Ош шаары – 24.

Республика боюнча айыккандардын жалпы саны: 33 миң 27.

 

Сутка ичинде 14 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 14 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Бишкек шаары – 2;
Ош шаары – 1;
Ош облусунда – 3;
Баткен облусунда – 4;
Жалал-Абад облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 2.

Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 23 медицина кызматкери айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында – 2 миң 981 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 242 медкызматкер айыгып чыкты.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика