Чет жактагы мекендештер бир мандаттуу округдарда добуш бере албайт

Чет жактагы мекендештер бир мандаттуу округдарда добуш берүүгө катыша албайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова басма сөз жыйынында айтты.

Бирок алар пропорционалдык шайлоо ыкмасы менен шайлай алышат.

Парламенттик шайлоону өткөрүүгө алдын ала 602 млн сомго жакын акча сарпталат, чет өлкөлүк донорлор да жардам берет.

Эртең, 9-сентябрда жалпы шайлоочулардын алдын ала саны жарыяланат. 19-сентябрдан тарта шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактай алат.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышын шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Парламент 90 депутаттан туруп, алар пропорционалдык жана мажоритардык система аркылуу шайланат.

error: Content is protected !!