Быйыл 9 айда өлкө экономикасы 6 пайызга төмөндөдү

Ушул жылдын 9 айында республиканын экономикасы 6 пайызга төмөндөдү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, ички дүң продукт 2020-жылдын январь-сентябрь айларында, алдын ала баалоо боюнча, 400 миллиард сомдон ашты.

Бул 2019-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 6 пайызга төмөн.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, быйыл 9 айда ИДПнын көлөмү 350 миллиард сомду түзүп, 7,1 пайызга азайды.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-сентябрында 238 миллиард сомдон ашты. Бул өткөн ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 пайызга төмөн.

Курулуш тармагында төмөндөөлөр — 7,7 пайызды түздү. Дүң жана чекене соода тармагы — 16,2 пайызга азайды, ал эми айыл чарбасында оң тенденциялар байкалып, өндүрүүнүн көлөмү 2,1 пайызга өстү.

Быйыл 9 ай иинде (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 2,9 пайызга өстү. Алсак, тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундуктардына болгон баалар (5,3 пайыз), алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баалары (5,6 пайызга), кызмат көрсөтүүгө болгон баалар – 0,2 пайызга өскөнү байкалды.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика