Бишкектеги май куюучу жайга куралчан кол салгандар кармалды

Май куючу жайга куралчан кол салып, кассирди сабап, 7,5 миң сомду алып кеткендер кармалды. Окуя 20-май күнү Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүндө катталган болчу.

Кармалгандар суракта бул ишке Бишкектин 12-кичи районунда жайгашкан дүкөндөрдүн бирине куралчан кол салгандардын видеотасмасын көргөндөн кийин барышканын айтышкан.

Эскерте кетсек, апрелдин соңунда катталган ал окуяда соода жайына тапанча менен кирген эки адам 35 миң сомду тоноп кетишкен.

Булак: НТС

error: Content is protected !!