Бишкектеги бала бакчалар качан ачылары белгилүү болду

20-сентябрдан тартып Бишкектеги бала бакчалардын иши жанданат. Мындай чечим 14-сентябрда эпидемияга жана эпизоотияга каршы шаардык ыкчам комиссия тарабынан кабыл алынганын Бишкек мэриясынан кабарлашат.
“Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин биргелешкен буйругу, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл борборунун катынын негизинде бала бакчалардын баары ачылат.
Бишкек шаарынын район жетекчилерине жана шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгына мектепке чейинки жалпы билим берүү уюмдарында белгиленген талаптардын жана нормалардын шартында тамак-аш менен камсыздоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү тапшырылды”, – деп айтылат билдирүүдө.
error: Content is protected !!